Биз социалдык тармакта

Башкы прокуратура Райымбек Матраимовдун иши жабылганы мыйзамдуу экендигин билдирди

УКМКнын тергөө органы тарабынан Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго карата козголгон кылмыш иштин кыскартылышы жөнүндөгү чечимине байланыштуу Башкы прокуратурасы төмөнкүлөрдү маалымдайт.

Маалыматта жазылгандай, коомчулукта Райымбек Матраимовго карата козголгон кылмыш ишин токтотуу жөнүндөгү чечимге карата эки тараптуу мамилеге байланыштуу атайын кызматтын чечиминин негиздүүлүгү жана мыйзамдуулугу текшерилди.

"Тергөөнүн жүрүшүндө башкы көзөмөл органы "Азаттык Медиа" мекемеси тарабынан жүргүзүлгөн журналисттик иликтөөнүн материалдарында көрсөтүлгөн, анын ичинде Матраимовдун жана анын жакын туугандарынын ар кандай мүлккө жана активдерге ээ экендиги тууралуу бардык жүйөлөрүн толук текшерүү керектиги тууралуу көрсөтмөлөрдү берген. Ишти тергөөдө "Азаттык Медиа" мекемесинин материалдарында белгиленген өлкөлөрдүн, анын ичинде Дубай Эмиратынын компетенттүү органдарына тиешелүү суроо-талаптар жөнөтүлгөн.

Ушул жылдын апрель айында өнөктөш өлкөлөрдөн, анын ичинде Дубай Эмиратынан УКМК тарабынан расмий документтер алынган.

Берилген маалыматтарга ылайык, аталган өлкөлөрдө Райымбек Матраимовдун жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн атына кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөр катталган эмес. Такталган маалыматтарга таянып, кылмыш иши Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 26-беренесинин 1-бөлүмүнүн 2-пунктуна ылайык кимдир-бирөөнүн кыймыл-аракетинде кылмыштын курамы жок деген негизде өндүрүштөн кыскартылган. Жазык-процессуалдык кодексинин 248-беренесинде кылмыш иши тергөөчү тарабынан жогорудагы негиз менен кыскартылган учурда, ушул эле кодекстин 118-беренесине ылайык бөгөт коюу чарасы токтоосуз түрдө жокко чыгарылууга тийиш экендиги көрсөтүлгөн.

Жогоруда аталган мыйзам ченемдеринин негизинде 2021-жылдын 15-апрелинде Райымбек Матраимовго карата кылмыш иши УКМКнын тергөө органы тарабынан кыскартылып, ага карата бөгөт коюу чарасы жокко чыгарылган. Кабыл алынган чечимдин негиздүүлүгү жана мыйзамдуулугу Башкы прокуратура тарабынан текшерилди, аны жокко чыгарууга негиз жок", - деп жазылат маалыматта.

Эскерте кетсек, УКМК Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго козголгон кылмыш иши өндүрүштөн кыскартылганы маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
NurikAKSUU89
2021-04-16 22:43:30
Опять он всех купил. Это же очевидно. Очень жаль
+15
bond02
2021-04-16 22:47:50
Ишенген кожо сууга акты.
+24
algakaray
2021-04-16 23:06:23
Таза экенине ишенбейм. Бийликтин кадыр баркы ушинтип кете берет да анан, акыры бир куну эртен менен турсан эле башка бийлик келип калган болот.
+21
Asmat84
2021-04-16 23:49:37
Али эми эмне дээр экенсиң
+14
Alinur96kg
2021-04-17 00:34:07
Тазале ит жеди го бул жагын.
+15
mirlan-2007
2021-04-17 00:42:17
Факты жок чыкты факты бергиле.Айырмасы деле жок болду мурунку ажо менен.Кумторду мамлекетке кайтарабыз деген ал жок милион камалат деген ал таза чыкты эми таразалап алгыла ким келгенин бийлик башына
+17
Pankration_MMA
2021-04-17 01:23:54
Негизи бул киши нейтралкадагы акчаларды жегенда, башкаларга окшоп мамлекеттин, бюджеттин канын соргон эмес.
-9
Neizvestno777
2021-04-17 01:55:40
"Не дей аласың брат" болуптур го бул жагы...
+15
Ibrahim1122
2021-04-17 02:10:35
Садыр Садыр дегендер каяктасынар эми
+18
bond0202
2021-04-17 07:12:29
Ibrahim1122,Садырга асылбагыла.ал лабаратория ачып алып уу коргошун кайнатып бошобой жатат
+11
forever88
2021-04-17 21:03:38
bond0202,
0
AdylbekB84
2021-04-17 02:33:20
Жээнбеков фактыны алып келгиле десе баарыбыз жаман көрдүк эле,эл ишенген Жапаров деле факт таппаптырда демек, элдин үмүтү өчүп баратат! Жапаров, Ташиев, Мамытов, Зулушев булар достордон эмеспи...?
+21
Omyke
2021-04-17 13:57:01
Эл Райим учун адлесиз шайлоо шалпыйган окмот учун митинге чыкбады беле Ишенген Садыр болчу булда бутту.99жолу Законду ондосода Эл деген Эл .
+2
mira28
2021-04-17 14:02:23
Бут дуйного уят кылып Садырлап кыйкыргандар барсынарбы? 6 айдан бери бийликтеги кишилер озгоруп сабатсыз,костюм шымы бардын баары депутат болгону гана озгоруш болбосо сазга батып эле жатат кайран эл.Азыркы бийликти эн сабаты жок бийлик деп атаса жарашат.Президенттен баштап Ташиев баары айылдан башы чыкпаган кишилер экенин корсотуп жатышат.Эн кайран Бакиев ,Акаевтердин баркына жетпеген эл мына эми уурулардын турмодогулордун заманында жашай беребиз баш которбой.
+1
Diyana
2021-04-17 17:19:36
Мадумаровду жамандап жатып калдынар эле. Ал киши эмнеси болсо да саясатта тажрыйбасы бар адам эле. Тим эле"Садыр ата"дегидей болгондор кана эми асмандагы айды алып бере тургансып. Эмне озгорду "атанар"бийлике келгенден бери. ЭЧ НЕРСЕ!!! Наоборот хуже стало. Азык-тулук болуп корбогондой кымбаттадыи кымбаттап жатат дальше. Кылмыштуулук кобойду. Жанылык окусан эле олтуруп кетти, тебелеп кетти, уурдап кетти, деп кечке. Жарым жылдан бери 6миллион калкы бар кичинекей мамлекетибизде
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан