Жаңы Зеландияда 2004-жылдан кийин төрөлгөндөргө тамеки тартууга, сатып алууга толугу менен тыюу салынат

Жаңы Зеландияда 2004-жылдан кийин төрөлгөндөргө тамеки тартууга толугу менен тыюу салынат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Жаңы Зеландия бийлиги тамеки өнүмдөрүн сатып алууга уруксат берген жаш куракты акырындык менен көбөйтөт жана 2004-жылдан кийин төрөлгөн муундун тамеки сатып алуусуна толугу менен тыюу салат деп болжолдонууда.
Өлкө бийлиги ушундай радикалдуу чара көрүү менен мамлекет 2025-жылга чейин тамеки чегүүдөн толугу менен баш тартууга жетишүүнү күтүүдө.
Ошондой эле Жаңы Зеландия бийлиги тамеки буюмдарындагы никотиндин алгылыктуу деңгээлин азайтуу, чыпкаларга тыюу салуу, тамекиге эң төмөнкү бааны белгилөө жана тамеки буюмдарын сатуу пункттарын чектөө сыяктуу кошумча чараларды карап жатат", - деп жазылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Mr.altynbek
2021-04-17 02:01:09
Мадумаров айткандай сабатсыздар. Элдер тамеки чекпесин деп эн томонку бааны белгилейби? ойлонуп жазсанар
-4
AdylbekB84
2021-04-17 02:20:26
Mr.altynbek, менимче туура эле чечим чыгарышкан тамеки продукциясына эң төмөнкү баа берилсе өзүн өзү актабай эч ким экпей коёт дегени болушу керек! Баткенде дагы тамекинин баасы түшүп кетип эч ким экпей койгон азыр, жалаң кара тамеки эгишет(насвай үчүн).
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан