ЖЫЛНААМА, 17-АПРЕЛЬ: Гемофилия менен күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнү

Бул күндү белгилөө жөрөлгөсү Бүткүл дүйнөлүк гемофилия федерациясы менен Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун 1989-жылкы демилгесине ылайык жасалып келет.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына караганда, Жер шарында азыр 400 миң чамалуу адам гемофилия дарты менен ооруйт.

Гемофилия – кандын уюшунун бузулушуна алып келүүчү оору. Ал тукум куучу оорулардын катарына кирет. Гемофилия оорусунун генин аялдар гана алып жүрүшөт.
Кызыгы, өздөрү оорушпайт жана алардан оору белгилери да байкалбайт. Тескерисинче, эркектер оорушат. Оорунун генин алып жүрүүчү аялдан төрөлгөн уул балдардын баары же кээ бири гана гемофилия менен оорушу мүмкүн. Ошондой эле андан төрөлгөн кыздардын баары же кээ бири гана оорунун генин алып жүрүүчүлөр болуп калышы ыктымал.
17-апрелге карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан