Японияда өтүүчү "Miss International-2013" сулуулар сынагына Кыргызстандан Мээрим Эркинбаева катышат

17-декабрда Япониянын борбору Токио шаарында өтүүчү "Miss International-2013" эл аралык сулуулар сынагына Кыргызстандын атынан Мээрим Эркинбаева катышат. Бул тууралуу "Interalliance KG" компаниясы маалымдады. Мээрим Эркинбаева 2013-жылдын 12-майында өткөн "Кыргызстан периси-2013" сынагында финалга чейин чыккан. Мындан сырткары Мээрим Эркинбаева 2-ноябрда АКШнын Майами шаарында өтүүчү "Miss United Nations-2013" эл аралык сулуулар сынагынын финалында "Мистер Кыргызстан" сынагынын жеңүүчүсү Эсен Шаршембаев менен бирге катышат. 

Белгилей кетсек, Мээрим Эркинбаева 2013-жылдын май айында «Супер-Инфо» гезитинин 11 жылдыгына карата уюшулган Суперфутболдо моделдерден түзүлгөн «Z-FASHION» командасында ойногон. 

    

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
MaRmeLaDka
2013-10-18 13:42:59
Оңдон үчүнчү узун бойлуу жигит экен го))
+1
alooke
2013-10-18 13:47:57
MaRmeLaDka. бул жерде "оюнчулардын арасынан учунчу" деген соз жок экен, демек катарда тургандардан 3-турганы да
0
MaRmeLaDka
2013-10-18 14:12:25
alooke, эми жетти, рахмат))
0
aminali
2013-10-18 15:16:51
Bizde suluular kop ele go?!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан