Орусиянын президенти Владимир Путиндин 2020-жылдагы кирешеси 9 миллион 994 рублду түздү. Бул тууралуу орусиялык басылмалар Кремлдин сайтына жарыяланган президенттин декларациясына таянуу менен жазып чыгышты.
Жазылган маалыматка ылайык, өлкө башчынын кирешеси былтыркы жылга салыштырмалуу 258 миң рублга көбөйгөн. Анда, тагыраагы, 2019-жылы 9 миллион 726 миң рубль киреше тапканы маалым болгон.
Владимир Путиндин рекорддук кирешеси 2017-жылы катталган. Анда 18 миллион 700 миңден ашык киреше тапкан. Бирок жогорудагы суммага 15 сотых жер тилкесин сатканы дагы кошулган.
Президенттин декларациясында көрсөткөн мүлктөрү өзгөргөн эмес. Анда жазылгандай, батир (77 чарчы метр), унаа токтотуучу жай (18 чарчы метр). Волга, ГАЗ М21 үлгүсүндөгү эки сейрек кездешүүчү унаалар, Нива жана прицеп Скиф катталган. Аталган объекттердин баары Орусияда.
Ал эми Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустиндин кирешеси 2020-жылы 19 миллион 853 миң рублду түздү.