Кыргызстандагы кургак учукка каршы күрөшүү уюмдарына 2,6 миллион сомдук керектүү жабдуулар берилет
Кыргызстандагы кургак учукка каршы күрөшүү уюмдарына 2,6 миллион
сомдук керектүү жабдуулар берилет. Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз
кызматынын билдиришинче, ХОУП долбоорунун алкагында мындай уюмдарга 21 LED-микроскоп,
12 компьютер, принтер, сканер жана башка жаңы технологиялык каражаттар берилет.
ХОУП долбоору – 1958-жылы АКШда уюшулуп, дүйнөнүн 35 өлкөсүндө иш алып барган бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюм.
Кыргызстанда 1997-жылы ишке киришип, 2000-жылдан баштап кургак учукка каршы
программалардын негизинде иш жүргүзүүдө.