Журналист Майрамбек Тойгонбаев каза болду. Ал 33 жашта болчу.
Бул тууралуу маркумдун кесиптеш инисине байланышканыбызда белгилүү болду.
Маалыматка ылайык, маркумду өлүмгө инсульт жеткирген.
Ал бүгүн, 17-апрелде көз жумган.
Ал эми акын Бердибек Жамгырчиев "жалындап турган кезиңде сен да жалп өчтүңбү, жигиттин гүлү" деп жазды.
Майрамбек Тойгонбаев 1987-жылы 29-апрелде Нарын облусунун Ат-Башы районунда туулган. Маркумдун артында 3 баласы калды.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Майрамбек Тойгонбаевдин көз жумганына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.