Орусиянын Краснодар облусуна караштуу Кубань аймагында тик учактын кыйрашынан учкуч каза болду. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Жазылган маалыматка ылайык, окуя Ильский айылына жакын жерде, жолдун 52-чакырымында болгон. Тик учак менен талаалар сугарылып жаткан.
"Тик учактын катуу конуу жасаганынын натыйжасында 1960-жылы туулган учкуч каза болду. Кырсыктын себептери такталууда", - деп жазылат маалыматта.