Жогорку Кеңештин төрагасы иш сапары менен Ошко барды

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков эки күндүк иш сапары менен Ош облусуна барды. Төрага 18-19-октябрь күндөрү Араван, Алай жана Кара-Кулжа райондорунда болуп, шайлоочулар менен жолугушат. Бир катар социалдык мекемелерди кыдырып чыгат жана Ош мамлекеттик университетине студенттер менен жолугушат. Төрага менен кошо депутаттар Элмурат Обдунов, Азамат Арапбаев, Абдыманап Кутушев, Айнуру Алтыбаева, Бахтияр Кадыров, Акылбек Эшимов жана саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаева жүрөт.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан