Бишкекте экзотикалык жаныбарлардын көргөзмөсү өтүп жатат. Мында кескелдирик, жылан, жөргөмүш сыяктуу жаныбарларды көрүүгө болот. Алар Түштүк Америка, Австралия жана Кыргызстандагы жаныбарлар. Уюштуруучулардын айтымында, 20-октябрда көргөзмөгө маймылдар алынып келинет. Көргөзмө "Россия" кинотеатрында күн сайын саат 12:00дөн 22:00гө чейин иштеп жатат.