Мураска ээ болуш үчүн миллионерлерди ачка калтырган үй кызматкерлеринин үстүнөн сот иши башталды

Улуу Британияда мураска ээ болуш үчүн миллионерлерди ачка калтырган үй кызматкерлеринин үстүнөн сот иши башталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, жубайлар Линда жана Уэйн Рикарддар 15 жылдан бери Жеймс Сутеран аттуу миллионердин үйүндө чарба иштерин аткарып иштеп турушкан. Бул аралыкта алар үй ээсинин мурас кагазын уурдап, ага өз аттарын кошуп алышкан. Жасалма мурас кагазына ылайык, жубайлар Жеймс Сутерандын 3 жарым миллион фунт стерлинг жана анын апасынын 1 жарым миллион фунт стерлинг каражатына ээ болмок.

"Миллионердин апасы 92 жашында, ал эми өзү 59 жашында дүйнө салган. Алардын өлүмүн иликтөө учурунда Сутеран бир нече күндөп ачка калтырылганы аныкталды. Күбөлөрдүн айтымында, үй кызматкерлери ага орой мамиле жасашып, жадакалса телевизор көргөнгө уруксат беришкен эмес. Миллионер ачкалыктан пайда болуучу өпкө инфекциясынан каза болгону белгилүү болду", - деп жазылган маалыматта.

Белгилүү болгондой, үй кызматкерлери мурас кагазына өз аттарын кошуп алганын моюнуна алып, бирок үй ээсин атайлап ачка калтырганын моюнуна алышкан эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
nazarnew
2021-04-19 09:11:08
Балдары каетте жүргөн экен.
+6
Neizvestno777
2021-04-19 13:55:09
nazarnew, Баткенде жургон экен шообу же шообу эмесби деп)
+8
SHUMA6891
2021-04-19 14:09:22
Neizvestno777,
-2
Hooligan
2021-04-19 19:33:38
Neizvestno777,Шылдындаганды ото жакшы оздоштурупсун. Жакшы киши эч бир адамдын кемчилигин айтпайт. Сен бутундой бир облусту шылдындаганга жол болсун.
-1
Neizvestno777
2021-04-19 21:32:47
Hooligan,Кыргызбы туура жазсын каетте дебей
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан