"Чемпиондор Лигасында тополоң". Европа клубдары жаңы турнир кабыл алды. Кайсы клубдар макулдугун берди? (+ турнирди өткөрүү форматы)

2024-жылдан баштап Европадагы ири мелдештердин бири болгон Чемпиондор Лигасын өткөрүү форматы өзгөрүп, турнир Европа Супер Лигасы деп аталат. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазды.

Маалыматка ылайык, жаңы турнирдин долбоору Европанын эң мыкты 20 клубу катышкан бир лиганы түзүүнү көздөйт. УЕФА уюму клубдардын өз турнирлерин түзүү демилгесин жактырбайт, ошондуктан Чемпиондор Лигасынын форматын өзгөртүп, Супер Лигада ойной турган командаларга жана оюнчуларга бир катар санкцияларды бекитүүнү пландап жатат.

Турнир кандай форматта өтөт?

Тайпалык этаптын катышуучуларынын саны 32 клубдан 36га чейин көбөйөт;

Айрым тайпалар жоюлат. Бардык 36 команда бир таблицага топтолот жана алар кыскартылган швейцариялык система боюнча бири-бири менен ойношот;

Эгер азыр тайпалык баскычта ар бир клуб алтыдан оюн өткөрүп жатса, жаңы турнирде ондон оюн өткөрөт (бешөө үй жана бешөө конокто). Ошол эле учурда, тоголок система жок. Он оюн - он башка каршылаштар менен өтөт;

Тайпалык баскыч аяктагандан кийин биринчи сегиз команда түздөн-түз плей-оффко жолдомо алат. Ал эми 9-24-орунду ээлеген командалар 1/8 финалга чыгуу үчүн кошумча оюн өткөрөт.

Ошентип "Милан", "Арсенал", "Атлетико", "Челси", "Барселона", "Интер", "Ювентус", "Ливерпуль", "Манчестер Сити", "Манчестер Юнайтед", "Реал Мадрид" жана "Тоттенхэм" клубдары жаңы турнирге катышуу ниетин билдиришкен.

"Мүмкүн болушунча эртерээк баштала турган биринчи сезондун башталышына чейин дагы үч клубдун кошулуусу күтүлүүдө. Келечекте уюштуруучу клубдар УЕФА жана ФИФА менен биргелешип иштешүү үчүн консультацияларды күтүшөт", - деп айтылат Супер Лиганын билдирүүсүндө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
aslan_akjol89
2021-04-19 09:59:51
Албетте кучтуу клубдар макул болушат да.Аларда биринчи оюнда утуп алуу шансы коп.
0
Dembele84
2021-04-19 10:19:31
Бул жерде ошол клубтардын президенттери оз бизнесин онуктуруп,кобуроок акча табууну коздоп жатат.Себеби телетрансляция сатуу,реклама,спонсор,куйормандардын стадион толо келуусу менен ото коп акча тушот.Жонокой клубтарга кыйын болот экен.
+1
Dembele84
2021-04-19 10:20:17
Дагы бул жактан Бавария,Дортмунд,ПСЖ ны кошуп алса ото кучтуу лига болот.
0
ulanbek2000
2021-04-20 01:26:15
Dembele84,фифанын президенти менен жолугуп кел. Информацияны анан айт бизге
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан