Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму дүйнөдөгү коронавируска байланыштуу кырдаалды кооптуу деп атады

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Орусиядагы өкүлү Мелита Вуйнович акыркы жумаларда оору-сыркоонун жана өлүмдүн деңгээлинин жогорулашы катталып жаткан учурда дүйнөдөгү коронавируска байланыштуу кырдаалды кооптуу деп атады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

"Өткөн жумада коронавирус жуктургандардын саны көп болду. Бул коркунучтуу тенденциялар, анткени биз вирустун түрлөрүнүн пайда болушун, чектөөчү чаралардын алып салынышын жана вакцинанын өлкөлөр ортосунда адилетсиз түрдө киргизилишин көрүп жатабыз", - деди ал.

"ДССУ алардын жайылышын чектөө үчүн киргизилген бардык чараларды убакыттын өтүшү менен эпидемиологиялык кырдаалга жана шарттарга карап чыгууну сунуштайт", - деп билдирди уюм.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан