Кыргыз өлкөсү дүйнөдөгү эң арзан мобилдик интернет колдонгон үч өлкөнүн катарына кирди

Улуу Британиянын Cable.co.uk порталынын дүйнөдөгү интернеттин баасы тууралуу чыгарган жаңы маалыматтарына ылайык, Кыргыз өлкөсү дүйнөдөгү эң арзан мобилдик интернет колдонгон үч өлкөнүн катарына кирди. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышты.

Портал 2020-жылдын 8-декабрынан 2021-жылдын 25-февралына чейин 230 мамлекеттин мобилдик интернетинин баасын изилдеген.

Бул жолу дүйнөдөгү интернеттин баасы эң арзан өлкө Израиль болду. Бул өлкөдө орто эсеп менен мобилдик интернеттин 1 гигабайтынын орточо баасы 5 АКШ центин (болжол менен 4,24 сом) түзөт. Ал эми интернети эң кымбат өлкө болуп Экватордук Гвинея табылды. Африкадагы бул мамлекеттин тургундары 1 гигабайт үчүн 49,67 доллар (болжол менен 4 миң 212 сом) төлөшү керек.

Ал эми экинчи орунда турган Кыргыз өлкөсү 1 гигабайт интернет үчүн 15 АКШ центин (болжол менен 13 сом) коротсо, үчүнчү орунда турган Фижи 19 цент (болжол менен 16 сом) сарптайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
zam81
2021-04-19 14:16:04
Эми инети кымбаттатпаса болду
+7
Mastura90
2021-04-19 15:10:39
Темасында 3 орун туратко
+3
erkeleim
2021-04-19 16:07:04
Айлык боюнча акыркы учтуктун лидери болсок керек. Айлыкты, пенсияны, пособияны салыштырсанар
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан