Бүгүн, 19-апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Кара-Суу районунун Савай айылынын жашоочулары менен чек ара маселеси боюнча жолугушуу өткөрүүдө.
Жолугушуу учурунда колуна "Жер, суу берилбесин" деген жазуусу бар плакатты көтөргөн адамды УКМК башчысы урушуп, плакатын алдыртып салды.
"Правокатор болбой, плакатыңды алып кой", - деди Ташиев.
Өз кезегинде Камчыбек Ташиев быйыл коңшу өлкөлөр менен болгон чек араларга 5 застава салуу жана 150 километр зым тартуу үчүн бюджеттен 564 миллион сом бөлүнгөнүн айтты.