Илимпоз Абдылдажан Акматалиевдин "Чыңгыз Айтматов" аттуу китеби жарык көрдү
КРнын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти, белгилүү адабиятчы жана Айтматов таануучу Абдылдажан Акматалиевдин “Чыңгыз Айтматов” аттуу китеби жарыкка чыкты. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын маалымат кызматы кабарлады. Китепте Ч.Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы, анын чыгармаларынын дүйнөлүк адабияттан алган орду жөнүндө кенен маалымат камтылган. Эмгекте Ч.Айтматовдун "Чыңгызхандын ак булуту", "Кассандра тамгасы", "Тоолор кулаганда" жана башка чыгармаларына анализ жасалган.