Португалиялык адис Жозе Моуриньо "Тоттенхэмдин" башкы машыктыруучусу кызматынан бошотулду. Бул тууралуу клубдун сайтына шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Моуриньо 17 айлык иштен кийин клубдан кетүүдө. Англия Премьер-Лигасынын акыркы үч оюнунда команда эки гана упай топтогон. Кошумчалай кетсек, "Тоттенхэм" март айында Европа Лигасынан четтетилген. Учурдагы Премьер-Лиганын турнирдик жадыбалында команда 7-орунда келүүдө. Жекшемби күнү "Тоттенхэмдин" оюнчулары Лига Кубогунун финалында "Манчестер Сити" командасы менен кез келет.
Моуриньо "Тоттенхэмди" 2019-жылдын ноябрь айында өткөрүп алган. Ал аргентиналык адис Маурисио Почеттинонун ордуна келип, клубду Премьер-Лигада алтынчы орунга алып келе алган.