Бишкектеги Орус драма театрынын мурунку жетекчиси боюнча сот иши 29-октябрга жылдырылды

 Бишкектин Биринчи Май райондук соту бүгүн, 18-октябрда Ч.Айтматов атындагы Орус драма театрынын мурдагы директору Борис Воробьёвдин ишин кароону 29-октябрга жылдырды. Буга айыпталуучунун сот залына алынып келинбегени себеп болгону айтылды. Судья Абдразак Боронбаевдин айтымында, тийиштүү буйруктун жоктугунан айыпталуучуну конвой сотко алып келген жок. Ал эми Воробьёвдин жактоочусу 3 апта мурун кардары ден соолугуна байланыштуу №1-СИЗОдон №47-түзөтүү колониясына которулганын билдирди.  

Айта кетсек, Воробьёв кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу сыяктуу бир нече берене боюнча айыпталууда.  

 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан