Ош шаардык балдардын жугуштуу оорулар ооруканасынын жаңы имаратынын курулушу аяктап, колдонууга берилди. Бейтапкананын ачылышы бүгүн, 19-апрелде болгонун Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Ачылыш аземге саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев, Ош шаарынын вице-мэри Эмил Шадыханов катышып, кызыл лентасын кесишти. Алымкадыр Бейшеналиев коомдун саламаттыгы эрежелерди так аткарууда экендигин билдирди. Ошондой эле дарыгерлердин айлык акылары көтөрүлө тургандыгын кошумчалады.
Ал эми вице-мэр Эмил Шадыханов өткөн жылдагы катачылыктарды кетирбөө үчүн шаар мэриясы болгон күч-аракетин жумшап, жугуштуу илдет боюнча түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чараларын көрүп жаткандыгын кошумчалады.
100 орунга ылайыкташкан оорукана бир жыл ичинде курулуп бүттү. Ал эми оорукананын эски имараты толук кандуу капиталдык оңдоп-түзөөдөн өттү. Жалпысынан шаардык балдардын жугуштуу оорулар ооруканасы 280 бейтапка ылайыкташтырылган. Эпидемиологиялык кырдаал Ош шаарында курчуп бара жаткандыгын билдирген саламаттыкты сактоо координатору эрежелерди так сактоого чакырат.