Эксперт: "Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандардын толук кандуу жашоосу үчүн шарт жок"
Кыргызстанда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандардын толук кандуу
жашоосу үчүн шарт жок. Бул тууралуу 18-октябрда "Аялдардын, майыптардын жана
балдардын укуктарын коргоону күчөтүү" аттуу конференциянын жыйынтыктары боюнча
өткөрүлгөн маалымат жыйында эксперт Нурлан Исмаилов билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанда
21 миңге жакын мүмкүнчүлүгү чектелген адам жашайт. "Анын ичинен 4-5 миңге
жакыны мектепке баруу мүмкүнчүлүгүн алышкан. Калган 14 миң адам үйдө отурууга
аргасыз. Биз аларды келечекке даярдоонун ордуна потенциалдуу жумушсуздарды
даярдап жатабыз. Бизде жөнөкөй инфраструктура деген нерсе жок. Долбоордун алкагында аймактарды кыдырып, сурамжылоо
жүргүздүк. Кээ бир үй-бүлөлөр конок келгенде майып балдарын башка бөлмөгө камап
коюшат экен. Майыптарга медициналык жактан кам көрүү менен чектелбей, европалык
социалдык-экономикалык жактан мамиле жасай башташыбыз керек",- деди эксперт.