Айта кетсек, буга чейин Өзбекстан бир нече жолу Камбар-Ата ГЭСинин курулушуна каршы экендигин билдирип келген. Жакында эле аталган өлкөнүн тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов Нью-Йоркто өткөн БУУнун Башкы ассамблеясынын 68-сессиясында муну дагы бир жолу тастыктаган. Анда ал: "Бизди Тажикстандагы жана Кыргызстандагы жаңы ири ГЭСтердин курулушу тынчсыздандырууда. Тактап айтканда, Аму дарыянын башында жайгашып, плотинасынын бийиктиги 350 метр болгон Рогун ГЭСи жана Сыр дарыянын башынан орун алып, бийиктиги 275 метр болгон Камбар-Ата 1 ГЭСи. Адистердин айтымында, бул долбоорлордун ишке ашуусу артынан коркунучтуу экологиялык, социалдык-экономикалык кесепеттерди алып келет",- деди.