Кыздардан чыккан саяпкер Жылдыз Туратбекова: "Жылкы таптап, күлүк багып эле чектелбейм, тамактын түрүн да катыра жасайм" (маек)

Ысык-көлдүк Жылдыз Туратбекова 2 жылдан бери саяпкерлик менен алектенет. Ата-энесинин жана жакындарынын каршы болгонуна карабай аттарды жарыштарга өзү чаап чыгат. Бала кезинен ат жалында чоңойгон Жылдыз айым алгач 16 жашында кыз куумайга түшкөн. Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда тулпарларды таптап келе жаткан 23 жаштагы саяпкер менен маектештик.

Жылдыз айым бала кезинен эле бир тууган байкелери менен чогуу жүрүп, аларга жардамдашып, аттарды сугарып жүрүп ат мингенди өздөштүрөт. Ат жалында чоңойгон маектешим кичинесинен эле саяпкер болууну кыялданган. Ал бул кыялын эки жыл мурун орундатып, аттарды өз алдынча таптай баштаган. Алгач 16 жашында чабандес болуп жарыштарга катышып жүрүп, аттарды багуунун, жарыштарга катыштыруунун сырын терең өздөштүрүүгө жетишкен.

"Туугандарым төртүнчү атам айылдагы кадырлуу саяпкерлерден болгон деп айтып калышат. Бул өнөр мага ошол кишиден өтсө керек. Анын таптаган аттары жарыштарда биринчиликти эч кимге берчү эмес экен. Мындан тышкары кичинемден бери аттарга өзгөчө жакын болуп чоңойдум".


Айтымында, анын саяпкер болушуна ата-энеси алгач катуу каршы чыгышкан. “Сен кыз баласың, саяпкерлик эркек балдардын иши” деген өңдүү сөздөрүн айтып, ага ат майданга барганга дагы тыюу салышкан.

"Мектепте окуп жүргөн кезимде үйдөгүлөрдөн жашырынып сарайга барчумун. Ат жарыштарды көрүү үчүн сабактардан качып кеткен күндөрүм болгон. Акыры көк беттенип жатып ата-энемди араң көндүргөм. Азыр ата-энем болушунча колдоп, чабыштарда атайын мени көрүү үчүн ат майданга барышат. Ийгиликтериме сыймыктанып, кубанычым менен тең бөлүшүп турушат".


Жылдыз айым саяпкерлик өнөрүнүн артынан Кыргыз өлкөсүн түгөл кыдырган. Ал өлкөдө болуп жаткан ат чабыштарга калтырбай катышууга аракеттенет. Ал таптаган аргымактар дайыма биринчи келбесе дагы экинчи, үчүнчү орундарга илээшет. Көрүнүктүү жетишкендиги катары Асуан аттуу жоргосу биринчи келген 2019-жылдагы Нооруз майрамына арналган ат чабышты эсептейт. Ал эми өткөн жылы пандемияга байланыштуу мелдештердин көбү болбой калган. Ноябрь айында президенттик кубоктун алкагында ат чабыш өтүп, анда Гариславна жоргосу алгачкылардан болуп марага келген. Чайка аттуу жоргосу кыска аралыктагы жарышта биринчиликти алган.

"Мен жалаң жорго аттарды таптайм. Алардын арасынан бир көрүп жактырган Асуар деген жоргом экөөбүз бири-бирибизге абдан жакынбыз. Мага келе электе бир көрүп "ушул атты бир минсем" деп кыялдангам. Буйрук экен, мен таптап калдым. Эртең менен сарайга Асуке деп эркелетип кирип барам. Анан аны эркелетип, башынан сылап, өөп, буттарын текшерип коём. Андан кийин 4 жаштагы Чайка деген атым бар. Ат жарыш болордо жорголор табына келип, урунарга тоо таппай калышат. Ошондо "Чайка жөн" десем таарынып, чуркабай коёт. 11 жаштагы Гариславана деген атым бар. Ушул үч атым менен жакшы жетишкендиктерге жетиштим".


Саяпкер кыз бир гана ат таптоо менен алектенбестен буга чейин ашпозчулук курстарда окуган. Анткени ал тамакты түрлөп жасаганды жакшы көрөт жана үй-бүлө курганда кереги тиет деген ойдо.

"Айтор, ат таптоо менин негизги жумушум. Бир күнүм жорголорума жем берип, аларды сугарып жүрүп өтүп кетет. Эсте калган күндөр көп эле болот. Мисалы, ат чаап баратып күлкүлүү жыгылган кездерибиз болот же жетелеп баратсаң колуңдан чыгып качып кетишет. Андай учурда сабиз же алма көрсөтсөм бурулуп кайра келишет. Мен ушул күнгө чейин көптөгөн саяпкерлерден сабак алдым. Атты кантип тапташ керек, канткенде өзүнө келет, кантип ат чабышка даярдаш керек деген нерселердин баарын үйрөтүштү. Азыр баары "ушунча эркектин арасында жүрөсүң, азамат" деп мактап калышат. Жорголорум ат чабыштарда алдыңкы болуп келсе, айрымдары "утарына көзүбүз жеткен" деп айтышса, кээ бирлери "бул жөн гана күчтүү аттарга туш келип калды" дешет".

Жылдыз ар бир жарышка катышарда катуу даярданат. Анын айтымында, ат чабышка катышуу үчүн аттар менен бир-эки ай тынымсыз алектенүү керек. Күнү-түнү дебей карап, жем-суусун үзбөй убактысы менен берүү маанилүү.

"Жарыштарда аттарым биринчи келип калса кубанычтан улам ыйлабайм деле. Бирок марага аман-эсен келсе экен, жаза басып жыгылбаса экен деп жүрөгүм дүкүлдөп, бир башкача сезим болот. Аны сөз менен айтып жеткирүү кыйын. Аттарым жарыштарда жакшы жыйынтык көрсөтсө мен үчүн эмгегимдин бааланганы, короткон мээнетимдин кайтканы ошол".

Саяпкер кыздын эң чоң максаты - жаш чабандестерге үлгү болуу, аларга ат таптоону үйрөтүү жана эл оозунда калуу. Ошондой эле ал ушул өнөр менен алектенип калышына чоң салымын кошкон мугалимдерине терең ыраазычылыгын айта кетти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан