Кыргызстандагы жатак үйлөрдүн адистери Англиядан окуп келишти

Кыргызстандагы жатак үйлөрдө иштеген адистер Англиядан билимин жогорулатып келишти. Бул тууралуу 18-октябрда маалымат жыйында эксперт Гордон Петерс билдирди. Айтымында, сентябрь айында Саламаттыкты сактоо, Социалдык өнүгүү, Билим берүү жана илим министрликтеринин өкүлдөрүнөн турган топ аталган өлкөдөн билимин жогорулатып келишти. Чет өлкөдөн окуп келген адистер жатак үйлөрдө жашаган балдарга кам көрүүдө белгилүү стандарттарды сактоо менен алардын жашоосун жакшыртууга салым кошот деген эксперт: "Жатак үйлөрдөгү балдарга ата-энеси менен тыгыз байланышта болууга шарт түзүү керек. Негизинен балдарга альтернативдик үй-бүлөнү табуу же үйдүн шартын түзүү маанилүү",- деди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан