Биз социалдык тармакта

Жарандык активист саламаттыкты сактоо министринин кызматтан кетишин талап кылып, жалгыз нааразычылык акциясына чыкты

Бүгүн, 20-апрелде жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин кызматтан кетишин талап кылып, өзү жалгыз нааразычылык акциясына чыкты. Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди.

Активисттин айтымында, ал "Арманың болсо аконитке айт" деген жазуусу бар, уу коргошундун сүрөтү тартылган плакатты көтөрүп чыгып, аны министрликтин имаратына таштай кеткен.

"Саламаттыкты сактоо министри клиникалык изилдөөдөн өтпөгөн уу коргошунду коронавирус менен ооругандарга айтпай, дебей бергени өз элине жасаган чыккынчылыгы. Адамзатка каршы чоң кылмыш. Кошоматчыбы же болгон деңгээли ушулбу, өтө таң калычтуу адам экен. Бул акылсыз кадамы менен тарыхка, бай тажрыйбага ээ кадырлуу кыргыз медицинасынын баркын түшүрдү. Ал ар нерсени божурап, креслого чаптап койгонсуп отура бербей, тезинен кызматтан кетүүгө тийиш. Ушул талаптар менен жаңы эле ал жакта болдум. Алымкадыр чыккан жок. Кызматкери аркылуу "кагаз жүзүндө жазып калтырсын, 14 күндөн кийин жооп берем" деп жооп берди. Мына сага бюрократия.

Министр акция деген эмне, кат жүзүндө кайрылуу деген эмне экенин да билбейт окшобойбу. Чыкса болмок, каадаланбай же коркпой эле. Мен ага уу коргошун бербейт элем. Кудай сактасын, тескерисинче, уу коргошундун татынакай гүлү тартылган сүрөттү эстеликке берип, болбой калдыңыз кетиңиз деп айтмакмын. Баса, ошол плакатка талапты жазып босогодогу чоң ящикке салып койдум. Жооп күтөм", - деп жазган Өндүрүш Токтонасыров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Zumrudianka
2021-04-20 20:05:00
Эки ооз суйлоп эле активист болуп куйдурдунор. Эркек башын менен самсаалабай жумушунду кыл да, уй булоонду кара. Нервке тийип кундо чыгасынар. Сен да дартка чалынып ошол окунит менен шыфаа таап калба. Уу болсо да элди оорудан айыктырса болдуда. Уу коргошун илгертен бери эле иштетишет экен, кайнежем да ушуну ичип жакшы болгон экен больницадан чыгарып койгон жеринен.
+2
Mylatka..
2021-04-20 22:17:59
Негизи кыргыз кызык калкпыз,колдоонун ордуна бүт колдон артка тартып турабыз.Канчалаган инсандар ооруга шыпаа таппай келет.Балким кээсине шыпаа болоор ...Активист болмуштар көбөйдү ,кимиси кандай максатта чыгып сүйлөп жатат белгисиз..кээси бирөөлөрдүн атын чаап сүйлөп жаткандай.
-2
portugalia
2021-04-20 22:47:27
Mylatka..,Туура айтасыз.Туберкулездон да айыгып кеткен тааныш эже бар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан