"Функция иштебей калып". Илон Маск өлүм менен коштолгон Tesla унаасынын кырсыгынан 5 миллиард долларын жоготту

Дүйнөгө белгилүү "Tesla" компаниясынын башкы директору Илон Маск компаниясынын акцияларынын наркынын төмөндөшүнөн улам миллиарддаган долларын жоготту. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, компаниянын акциялары "Tesla" унаасы менен жол кырсыгына кабылып каза болгон 2 адамдан кийин төмөндөп кеткен. Мындан улам ишкер бир күндө 5 миллиард 100 миллион долларын жоготкон. Эми анын байлыгы 174 миллиард 600 миллион долларга бааланууда. Ал дүйнөдөгү эң бай адамдардын тизмесинде үчүнчү орунда турат.

Tesla унаасынын катышуусундагы жол кырсык Техас штатында болгон. Анда катуу ылдамдыкта келе жаткан унаа башкаруудан чыгып, бакты сүзүп өрттөнүп кеткен. Полиция унаа кырсыкка учураганда башкаруусуз кетип бара жатканын тастыктаган.

Кийинчерээк, Илон Маск унаада өзүн-өзү башкаруу (автопилот) системасы иштебей калгандыгын моюнуна алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
algakaray
2021-04-20 15:53:58
Башкаруусуз машинага ким ишенет билбейм.
+4
nurdan2018
2021-04-21 04:43:01
Буйруса мен дагы аламын тесла электромобильди планда бар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан