Чеченстан Республикасынын башчысы Рамзан Кадыровдун 13 жаштагы уулу Адам Кадыровдун "Легендарлар убактысы 6: Атайын операция" деп аталган бокс боюнча мелдеште талаштуу жеңишке жеткенин көрсөткөн видео социалдык тармактарга жарыяланып, кызуу талкууга алынууда.
Мелдеште Адам Кадыровдун атаандашы Аслан Баттиров аттуу өспүрүм болгон. Беттештин экинчи бөлүгүндө жаш мушкерлер беттешип жаткан учурда калыс күтүлбөгөн жерден беттешти токтотуп, Адам Кадыровдун атаандашына 10 секунддук эсептөөнү баштаган. Бирок мушкерлердин бири дагы нокдаунга учураган эмес.
Көп өтпөй калыс Адам Кадыровго техникалык нокаут менен жеңишти ыйгарган.
Бул видео учурда социалдык тармакта кызуу талкууга алынууда.