Дүйнөнү каптаган коронавирус инфекциясынан айыгуу үчүн Кытай, Орусия жана башка мамлекеттер бир жылдан бери текшерүүлөрдөн өткөн вакциналарын сунуштап келе жатышат.
Өткөн аптада кыргыз бийлиги күтүүсүздөн "ушул оруудан 4-5 күн ичинде айыктыруучу дары таптык" деп маалымдашкан. Кийинчерээк ал уу коргошун экени белгилүү болду.
Эске салсак, саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри журналисттерге маалымат жыйын өткөрүп, камера алдында уу коргошунду ичип көрсөткөн. Ошол замат интернет айдыңына тараган маалымат чоң талкуу жаратты. Кээ бирлери "ата-бабалардан калган дарыны колдонууну туура көрөм" десе, башкалары өлүмгө алып келген ууну бийлик элге сунуштаганы туура эместигин билдиришти.
SUPER.KG порталы Бишкек шаарынын тургундарынан сурамжылоо жүргүзүп, төмөнкүдөй жооп алдык.
"Кыргыз өлкөсүндө гана бар болсо, колдонуп калыш керек", "Менин уу коргошун тууралуу маалыматым жок", "Уу коргошунду туура эмес ичип, каза болсо ким жооп берет?", "Уу коргошундан кыргыз эли айыкса, башкалар бизден сатып алып, балким, тышкы карыздардан кутулабыз" дешет калаа тургундары.
Кененирээк видеорепортаждан көрүңүз.