Ташчайнар каймана аты менен таанымал болгон балбан Нурлан Алишеров алдамчылыкка шектелип, соттук отурум 16-апрелге белгиленген. Кийинки соттук отурум 29-апрелге белгиленди.
Бул тууралуу жабырлануучу делинген тараптын жактоочусу Памир Суранбаев тарабынан белгилүү болду. Айтымында, соттук процесске эки тарап тең катышты.
Эске салсак, Нурлан Алишеров 2 жыл мурда Каныкей аттуу кызга АКШга виза алып бермекчи болуп жарым акчасын алганын жактоочу билдирген. Бирок Нурлан Алишеров бул жалган жалаа экенин айткан.
Бул иш боюнча материалдар топтолуп, Биринчи Май райондук сотуна кароого жиберилген. Биринчи процесс 16-апрель күнү саат 15:00гө дайындалганы маалым болгон.