Алымкадыр Бейшеналиев: "Кечээ ууланган үч адам залалдуу шишик дарты менен жабыркагандыктан, үч жылдан бери уу коргошун ичип келе жатышкан"

Кечээ, 20-апрелде уу коргошундан (аконит) ууланган үч адам залалдуу шишик дарты менен ооруп жаткандыктан, үч жылдан бери уу коргошун ичип келе жатышкан. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге байланышканыбызда маалым болду.

Анын айтымында, кечээ уу коргошундан ууланып, ооруканага түшкөн бейтаптар буга чейин элдик медицинага ылайыктап, уу коргошунду ичип келишкен. Бирок алар дозасынан көп жана туура эмес шартта ичип алышкан.

"Кечээ бейтаптар уу коргошундан ууланып, ооруканага кайрылышкан.Үчөө уу коргошунду (аконит) залалдуу шишик дарты менен ооруп жаткандыктан, үч жылдан бери ичип келе жатышкан. Кечээ өзүм барып бейтаптарды көргөн учурда, бирөө айтты муздак ичип койгом деп. Ал эми экинчиси дозасынан көп ичип койгонун билдирди. Мурун ал бир чыны ичсе, кечээ ооруп жаткандыктан эки чыны ичип койгон. Улуттук кардиология жана терапия борборуна түшкөн үчүнчү бейтап өзүнө келген соң "Уу коргошун ичкен эмесмин, келинчегим жөн эле айтып коюптур. Башка нерсе ичкем" деген экен. Аконит (уу коргошун) менен дарылоодо эч качан уулануу болбойт. Эмнеге дегенде дозасын карайбыз. Жакын арада протокол түзүп жатабыз. Анда кайсы шартта, кандай дозада ичүү керектигин жазып чыгам. Кылымдан кылымга кыргыз эли уу коргошунду элдик медицинада колдонуп келген. Илимде бул зат аконит деп аталат. Аны менен Франция, Германия, Орусияда дагы дарылоо иштери жүргүзүлүп келет.

Экинчиден, коронавирус илдетинин патологиясын эч ким билбейт. Азыркы учурда башка өлкөлөр жардам берсин деп ар кандай дарыларды берип жатат. Ал дарылар жардам бербей жатат. Былтыр беришти эле эч кандай жардам бербей көпчүлүк адамдардын өмүрү кыйылды. Азыр дагы вакцинаны сыноодон өткөрүп жатышат. Биз дагы ыктыярдуу адамдарга сыноо жүргүзүп жатканбыз. Азыркы учурда токтотуп койдук.

Уу коргошун залалдуу шишик дартынын 4-стадиясында, кургак учук оорусу үчүн элдик дарылоодо жакшы жардам бергендиги айтылып келген. Бирок дозасын ылайыктап берген эч ким жок болчу. Себеби рактын 4-стадиясында дарыгерлер бейтаптарга жардам бере албай калган учурда элдик медицинага кайрылууга туура келет. Рак менен ооруган кээ бир бейтаптар айыгып кеткен учурлар болот. Буга чейин акониттен бир дагы терс таасир берген учур катталган эмес", - деп билдирди саламаттыкты сактоо министри.

Окуянын чоо-жайы:

Буга чейин өлкө башчысы Садыр Жапаров өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына дарыгерлер коронавирустан 2-3 күндө айыктырып чыгара турган ыкма табышканын билдирген. Бул боюнча жазылган постко адамдар сыртына "уу коргошун" деп жазылган бөтөлкөлөргө суюктукту куюп жаткан видео тиркелген.

16-апрелде саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымат жыйын өткөрүп, уу коргошун менен дарылоо боюнча түшүндүрмө берип, аталган өсүмдүктүн кайнатмасын түз эфирде ичкен. Бул коомчулукта ар кандай талкууларды жаратып, мындай дарылоо ыкмасына көпчүлүк сын-пикирин айтууда.

Ал эми талкуу жараткан бул темадан кийин өздөрүн элдик дарыгер атаган табыптар бул өсүмдүккө карата маалыматтары менен бөлүшө баштады.

COVID-19ду элдик медицинада колдонулуп келген уу коргошун менен дарылоону сунуш кылгандан кийин Кыргыз өлкөсү дүйнөлүк маалымат каражаттарында күн тартибине чыкты.

Кечээ, саат 18:50гө карата министрликтен уу коргошундан уулангандар боюнча билдирүү тараткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан