Ош шаарында 22-октябрдан 24-октябрга чейин таза суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу Ош шаардык суу чарба башкармалыгынын башкы инженери Ормош Осмонов билдирди. Айтымында, бул чектөө тийиштүү жабдууларды оңдоо иштерине байланыштуу болууда. "Таза суу берүүнү биз 1 жылда эки жолу 48 саатка токтотуп келебиз. Бул иш-аракет шаардыктардын саламаттыгы үчүн жасалат",- дейт Осмонов.