Ошто бала бакчада 5 жаштагы кыз сабалды. Иш боюнча тергөө жүрүп жатат

Ош облусундагы менчик бала бакчалардын биринен кичинекей кыз сабалды. Бул тууралуу кыздын апасы социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жазып чыкты.

"Мен 3 баланын энесимин. Тергөө иштерине байланыштуу менин жана кызымдын маалыматы жашырылат. Өтө кайгыруу менен бул билдирүүнү жазып жатам. 5-апрель күнү саат 07:30да күндөгүдөй эле 5 жаштагы кызымды бала бакчага жөнөткөм. Окуя ошол күнү саат 16:00дө башталды. Мага бала бакчадан чалышып, кызым уктабай койгондо кызматкерлер шприц менен ийне саябыз деп коркутуп коёлу дешсе, кызым секирем деп ийне сайылып калгандыгын билдиришти.

Мен кызымдын чачтары жулунуп, башында сыйрылган жерлери, колунда тактар бар экенин көрдүм. Кызымдын айтымы боюнча, аны сабашкан, түштөн кийин бала бакчадагы тарбиячы кеткенде балдарды Динара аттуу бухгалтери карап калыптыр. Кызым уктабай тапшырма бериңиз дегенде ал кыйкырып, мындан улам алар кызыма ийне сайып салышкан", - деп жазган ал билдирүүсүндө.

Буга байланыштуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгына байланышканыбызда төмөнкүлөрдү билдиришти.

"Бул маселе боюнча 6-апрель күнү бизге арыз келип түшкөн. Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "майда бейбаштык" менен катталып, бардык керектүү экспертизалар дайындалган.

Соттук экспертизанын жыйынтыгы чыга элек, ошондон көз каранды болот. Алынган маалыматтар боюнча, аталган бала бакчанын бухгалтеринин кызы менен 5 жаштагы кыз жакын жатышчу экен. Менин кызымды уктатпай жатат деп уруптур деп айтып жатышат", - деп билдиришти Ош ШИИБинин маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Erlan_95
2021-04-21 13:58:22
Иии ужас, майда бейбаштыгы жок эле катуу эле сабаган го((
+10
JaneEr
2021-04-21 14:10:26
Бухгалтер заведущийдин тууганы же таанышы окшойт,ошончо кутурганына караганда...
+6
MDF
2021-04-21 14:41:44
Ужас,мындай калтырбагыла,жазасын аласын мыкаачы
+6
Altins77--
2021-04-21 14:48:39
Биринчиден законду кутуп отурбай эже!жанагы бухгалтерди кунду карангылатып туруп уйунон чыгып келе жатканда артынан чаап кетин.
+5
portugalia
2021-04-21 15:15:50
Шумшук колу сынгыр.
+4
Kaninaiman
2021-04-21 15:49:33
Юристер болсо жооп берип койгулачы директор бугун баламды садике жонотпосом кийин албайт имиш?
Мен жонотпогонумун себеби чон балам укасин озу туалетке алып барып озу карайт экен
+2
Gulina90
2021-04-21 16:20:49
Kaninaiman,анткенге акысы жок,балдарды караганы учун акча толоп жатат аларга,албай кое албайт,законго таянып тоюн таанытып кое аласыз.
+4
nazira...
2021-04-21 16:27:17
Кайсы, не деген садик экен
+2
Гүлзина Каныбекова
2021-04-22 09:09:03
nazira..., Жасмин деген частный садик
+1
Egizderim-baktim
2021-04-21 17:18:47
Шприц кармап ийнесин ачып кызды коркутканы учун жазалансын, кызды сабаганы учун камалсын,кыздын психикасына зыян келтиргени учун камалсын ит, анан кандай эле майда бей баштык болот бул кылмыш. Кудай сактаптыр дагы ошол шприцтин ийшнеси кан тамырына сайылса эмне болмок? Катуу туруп жазасын талап кылыныздар
+1
Kulatov
2021-04-21 19:07:18
Болгон болбогонду интернетке чыгарып элдерден да абийир кетти эгерде чындап ошончолук уруп чачын жулса колу сынсын бирок жулунган чач кыздын чачына окшобойт го
-2
Sajakat14
2021-04-22 10:38:19
Kulatov,салафандын үстүндөгү чачтар аябай көп чач экен. Аябай узун дагы. Кыздын андай калың чачы жокко. Чачы жулунган жерлердин тагын караганда дагы ал жакта салафандын үстүндөгүдөй көп чач жок. Албетте балабакчада балдарды бугалтер эмес тарбиясы караш керек. Бугалтер антип кызды сабаганга акысы жок.
0
nazi91
2021-04-22 14:52:10
Sajakat14,денесиндеги,кулагындагы жарааттарчы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан