Бүгүн, 21-апрелде Жогорку Кеңеште Ысык-Көл облусуна казинолорду ачууга уруксат берген мыйзам долбоору биринчи окуудан колдоо тапты.
"Макул" деп 68 депутат, "каршы" деп 23 эл өкүлү добуш берди.
Мыйзам долбоору биринчи окууда 8-апрелде каралып, добушка коюлбай жылдырылган.
Депутат Рыскелди Момбеков аталган мыйзам долбоорун өткөрүү үчүн түндө кээ бир депутаттарга телефон чалуулар болуп, коркутуу болгонун айтты.