Түркияда өткөн сулуулар сынагында кыргызстандыктар ийгиликке жетишти

24-сентябрдан 4-октябрга чейин Түркияда "Princess of the Globe-2013" жана "Photo model World Universe-2013" аттуу сулуулар сынагы өттү. Ага Кыргызстандан Нурсултан Жиянкулов менен Айзана Медерова катышып, байгелүү кайтышты. Муну 18-октябрда дизайнер Үсөн Бердибаев билдирди. Айтымында, "Princess of the Globe-2013" сынагында Айзана Медерова "Miss Elegant" деген наамды багынтты. Ал эми Нурсултан Жиянкулов "Photo model World Universe-2013" сынагында алдынкы үчтүккө кирди. Сынакка 20 өлкөдөн өкүл катышты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
sher89
2013-10-18 15:57:02
Куттуктайм
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан