ЭЛДИК КАБАР: "Аксынын Жерге-Тал айылында участкалык милиция арак ичкендерге 5 миң сомдон айып салууда" дейт окурман

SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө окурман кайрылды. Анда ал Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Жерге-Тал айылындагы участкалык милиция кызматкеринин ишине нааразычылыгын билдирди.

"Аксы районунун Жерге-Тал айылында участкалык милиция кызматкерине нааразычылык жаралып, айыл өкмөттө чогулуш болуп жатат. Райондук милициянын жетекчилери келген жок.

Участкалык милиция ичкен кишилерге 5 миң сомдон айып пул салат. Мыйзам чегинде 5 миң сомду 2 күндөн кийин алып келесиң деп паспортун алып кетет.
Айылдын кире беришинде туруп алып унааларды, эшигиңдин алдында турсаң өзүңдү текшерет. Айылда коменданттык саат эле болуп калды. Башка айылдын участкалык милицияларын кошуп алып, түнкү саат он эки, бирге чейин өз жумушуң менен жүрсөң да текшере берет", - деп кайрылды окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Urmat78
2021-04-21 15:23:01
Азыраак ичсең эле эч ким тийишпейт.Айтканына караганда өзү коп ичет окшойт
+5
Egizderim-baktim
2021-04-21 17:04:41
Колдойм Милициянын ишин кана эми баардык айылдарда ушундай тартип болсо, чогулган акчаны мектеп, бакчалардын керегине иштетсек, ичип алып аялы куйоосун, досу досун олтургон кылмыштар азаймак
+5
ulukbaiyshov
2021-04-21 18:41:09
Туура кылат,анан эмнеге ичип жатасыңар!
+5
bond02
2021-04-21 20:00:28
Банкка токкуло штрафынарды.
+4
talant87
2021-04-21 20:42:00
Участковой тосконго аксы жок машинаны жанында Гай болсо болот
-5
futboler
2021-04-21 21:08:41
Ичкендерге штраф салса эң туура кылат. Кечээ эле ууланып дагы деле эсиңерге келбепсиңер да. Иче албай калдык деп арызданат го.
+5
SHUMA6891
2021-04-21 22:41:42
Тооба кылдым, орозодо ичпей койсон болмокда. Уялып калыштын ордуна кайра озун арызданасынго.
+3
Kuba_502
2021-04-22 00:14:16
Успеновкалыктар Заидов Салижанды ким тааныйт.Кабарлап койсонуздар.Полчаны болом.
+1
Kuba_502
2021-04-22 00:18:42
Kuba_502номери бар болсо,личкага жазсаныздар,
+1
Dolbooruwka
2021-04-22 08:30:09
Туура кылат!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан