400дөн ашык бейтап өздөрүнүн каалоосу менен уу коргошун ичип, сакайышкан. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирди.
"Уу коргошун боюнча эки жарандын арызы Башкы прокуратурага келип түшкөн. Биз арызды Ички иштер министрлигине жөнөттүк. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 400дөн ашык бейтап өздөрүнүн каалоосу менен уу коргошун ичип, жакшы болгондугун билдиришкен. Ооруканадан уу коргошун ичкендер ууланган эмес. Ал эми социалдык тармактарга чыккан маалымат боюнча ИИМ өз баасын берет", - деди Зулушев.