Милиция 5 ай мурда жансыз денеси табылган эркек кишинин аты-жөнүн аныктоого жардам сурайт. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өткөн жылдын 30-ноябрында Москва районундагы Беш-Терек жана Кыз-Моло айылдарынын ортосундагы сайдан эркек кишинин сөөгү табылган.
Белгилери: бою 165 сантиметр чамасында. Кара түстөгү жана боз түстөгү "SportS" деген жазуусу бар спорттук шым, кара түстөгү кышкы бут кийим, сыя көк түстөгү байпак кийген.
"Бул адамды кийимдери аркылуу тааныгандар болсо, 0312 43 01 27, 03131 5-21 31, 0312 60 77 27, 0550 22 17 17, 0707 54 21 71, 0755 15 85 05, 0701 15 85 05 телефондору аркылуу кабарлап коюуну өтүнөбүз", - деп жазылат маалыматта.