Жогорку Кеӊеш кумар оюндарынын ишмердүүлүгүнө тыюу салуу тууралуу мыйзамды 2011-жылдын 29-сентябрында кабыл алган. Мыйзам долбооруна 1-ноябрда ошол кездеги президент Роза Отунбаева кол коюп, 2012-жылдын 1-январынан тарта мыйзам күчүнө кирген. Жалпысынан баш-аягы 25 казино жана 35 оюн залдары ишин токтоткон.
Аз убакыт өтпөй 5-чакырылыштын депутаттары Игорь Гусаров менен Замир Бекбоев казинолорду иштетүү ишмердүүлүгүнө кайрадан уруксат берүү тууралуу мыйзам долбоорду иштеп чыгышкан. Анда эл өкүлдөрү «кумар оюндарынын ишмердүүлүгүнө тыюу салуудан бюджет миллиондогон сомдорду жоготту» деп, жаӊы мыйзам долбоору менен казинолорду катаал тартипке келтирүүнү сунушташкан. Алардын үлүшүнүн 51 пайызы мамлекетке караштуу болмок. «Мыйзам долбоорунун кабыл алынуусу казынага миллиард сомго чукул каражат алып келет», - деп ишендиришкен болчу. Бирок бул сунуш колдоо тапкан эмес.
Казинолорду кайра ачуу боюнча кезектеги мыйзам долбоорун 2016-жылы Экономика министрлиги сунуштаган. Өкмөттүн расмий сайтында жарыяланган долбоордо, «Манас» аэропортунун жанында 30 гектар аймакка соода түйүндөрүн, мейманканаларды жана казинолорду куруу сунушталган. Ага ылайык, казинолорго Кыргыз жарандары жумушчу катары гана алынбаса, оюнчу катары таптакыр киргизилмек эмес. Долбоор ишке ашса, 200 миллион доллар инвестиция келиши күтүлөрү айтылган.
Дал ушундай эле сунушту 2 жыл мурда депутат Дастан Бекешев сунуштаган. Эл өкүлүнүн пикири боюнча мурда АКШнын аскер базасы жайгашкан аймакка кумар оюндары ойноло турган жай ачылса өлкөгө бир нече миллиондогон киреше түшүп, көптөгөн жумуш орундары түзүлмөк. Бекешев мындан сырткары казино ачылган аймакка чет элдик жарандарды визасыз киргизүүнү да сунуштаган. Бирок Экономика министрлигинин да, Дастан Бекешевдин сунушу колдоо тапкан эмес.
Кезектеги сунуш Жогорку Кеңештин депутаттары Дастанбек Жумабеков жана Бактыбек Турусбеков тарабынан көтөрүлдү. Ушул жылдын 25-январында Жогорку Кеңештин сайтында жарыяланган мыйзам долбоорунда Ысык-Көлгө туристтик оюн-зоок комплексин камтыган адистештирилген административдик район куруу демилгеленген. Ага ылайык, эгер мыйзам долбоору кабыл алынса, облустун аймагына чет жактан келген туристтер үчүн казино курууга уруксат берилет. Бул өлкөнүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү менен бирге туризм тармагын өнүктүрүүгө салым кошору белгиленген.
Бүгүн, 21-апрелде Жогорку Кеңеште аталган мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапты. 68 депутат "макул" болсо, "каршы" деп 23 эл өкүлү добуш берди. Эми долбоор 2-3-окууда да кабыл алынса, анын тагдыры президенттен көз каранды болот. Башкача айтканда, өлкө башчысы мыйзам долбоорун кабыл алуусу же артка кайтаруусу мүмкүн. Ысык-Көл облусунун аймагына туристтик оюн-зоок комплексин камтыган адистештирилген административдик район жөнүндө Садыр Жапаровдун кайрылуусун карап көрсөк, президентке мыйзам долбоору жөнөтүлгөн чакта ал кандай чечим кабыл алары белгилүү болуп калган сыяктанат. Себеби Жапаровдун кайрылуусунда Мыйзамда Кыргыз жарандарынын кумарканага кирүүсүнө жана кумар оюндарын ойноосуна тыюу салынары жазылып турганы, депутаттар туура эле колдоп жатышканы айтылган.