Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 18-октябрда социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Куттуктоонун тексти:
“Урматтуу социалдык коргоо жана профсоюздар кызматкерлери! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар - Социалдык коргоо жана профсоюздар кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!Муктаж болгонго кол сунуп, көмөк көрсөтүүгө аракеттенген адамдын жүрөгүндө мээримдүүлүк, боорукерлик сезимдери орун алат. Бул - ыйык касиет.
Бүгүнкү күндө татаал, бирок эң керектүү кызматыңар Сиздерден өзгөчө аракетти, ишке болгон умтулууну, адамга аяр мамиле кылууну, сабырдуулукту талап кылат.Өз убагында профсоюздар эмгекчилердин башын бириктирген жана алардын социалдык коргоосун камсыз кылган негизги социалдык институт болгон.
Бүгүнкү күндө профсоюздук кыймылдын мыкты салттарын эске алууга, профсоюздардын ишмердүүлүгүн кайра калыбына келтирүүгө тийишпиз. Элибизге татыктуу жашоо шарттарын камсыздоо ишинде профсоюздар мамлекеттин жоопкерчиликтүү жана ишенимдүү өнөктөшү болууга тийиш.Биргелешип гана Кыргызстандын жаркын келечегин кура алабыз. Бардыгыңыздарга чың ден соолук, бакыт-таалай жана узак өмүр каалайм".