Владимир Путин күзгө чейин Орусиянын бардык жарандары эмдөөдөн өтүшү керектигин айтты

Орусиянын президенти Владимир Путин өлкөнүн бардык аймактарынын башчыларына COVID-19га каршы вакцина алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууну тапшырды. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Владимир Путиндин тапшырмасы боюнча аймактардын башчылары күн сайын эмдөө маселелерин көзөмөлдөп, күз мезгилинде коронавируска каршы жамааттык иммунитеттин калыптануусу үчүн Орусиянын бардык жарандары эмдөөдөн өтүшү керек.
"Азыр эмдөө жогорку мааниге ээ. Өкмөттөн, Саламаттыкты сактоо министрлигинен, аймактардын башчыларынан ушул маселелерди күн сайын чечип турушун суранам. Эмдөө бардык жерде болушу керек. Бул күзүндө жамааттык иммунитетти калыптандырууга мүмкүндүк берет. Көйгөйдү чечүү баарыбыздан жана бардык жарандардан көз каранды", - деп билдирген Владимир Путин.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан