Ош облусунда коронавирусту жаңы жуктуруп алгандардын көбү сырттан келгендер. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев онлайн маалымат жыйынында билдирди.
"Бүгүнкү күнгө чейин ооругандардын жалпы саны 217 адам, анын ичинен 175и айыгып чыкса, 38 адам дарыланууда. 4 адам каза болгон. Жалпысынан алганда облустагы абал туруктуу. Экономикалык субъектилер өз ишин алгоритмге ылайык баштап жатышат. Кээ бир райондо эгиндин башы эгилип баштады", - деди Узарбек Жылкыбаев.