Алкоголдук ичимдиктер организмдин вирус менен күрөшүү жөндөмдүүлүгүн азайтат. Адистер карантинде жаткан адам кандай тамактанышы керек экендигин айтты

Дүйнө жүзүндөгү өлкөлөр коронавирусту жайылтпоо аракетин көрүп жаткан чагы. Киргизилип жаткан чектөөлөр биздин адаттагыдай тамактануубузга өз кедергесин тийгизиши мүмкүн. Мындан улам Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму карантинде жаткан адамдар кандай тамактанса туура жана пайдалуу болорун айтты.

Өзүңүздүн керектөөлөрүңүздү эске алыңыз

Элди туурап, ашыкча азык-түлүк сатып алуунун дагы жаман жактары бар. Эң биринчи эле бул аларга болгон баалардын кымбаттап кетиши. Алгач сиздин үйүңүздө эмне бар жана эмне керек экендигин ойлонуп алыңыз.

Алгач жаңы азык-түлүктөрдү колдонуңуз

Алгач бат бузула турчу жана сактоо мөөнөтү көпкө созулбаган азык-түлүктөрдү колдонуңуз. Ал эми тоңдурулган жашылча, мөмө-жемиштерди кийин колдонуп жетишесиз.

Үй шартында тамак жасаңыз

Күнүмдүк турмушта көпчүлүк адамдардын үйдөн тамак жасаганга убактысы болбойт. Бирок карантин учурунда сиз мурун ойлонуп жүргөн рецептерди колдонуп, түрдүү тамактарды жасоо кыялын орундатсаңыз болот.

Тамактын көлөмүн көзөмөлдөңүз. Туз, май жана кумшекерди колдонууну чектөөгө алыңыз

Көп убакытка үйдө отуруп калуу көп тамак жегенге түртөт. Мындан улам тамак порцияларынын көлөмүн азайтыңыз.

Мындан сырткары күнүнө 5 граммдан ашык туз колдонбогонуңуз оң. Тузу жок же аз туздалган азыктарды колдонуңуз. Кургатылган же жаңы атайын чөптөрдү көп колдонгонго аракет кылыңыз. Бир күндө жалпы 6 чай кашык кумшекер гана колдонуу керек. Тактап айтканда, сиз бир күн ичинде жеген тамагыңызда жалпы 6 чай кашык гана кумшекер болуусу зарыл. Таттуу жегиңиз келсе, тоңдурулган же консерваланган мөмө-жемиштерди жеңиз. Ал эми майдын көлөмү колдонгон азыктардын калорияларынын 30 пайызын гана түзүшү туура. Кокос, пальма, чочконун майын колдонуудан оолак болуңуз.

Алкоголдук ичимдиктерден баш тартыңыз

Алкоголдук ичимдиктерди колдонуу организмдин вирустар менен күрөшүү жөндөмдүүлүгүн азайтат. Мындан улам карантин учурунда аны рациондон чийип салган туура.

Ошондой эле адистер кофе, чай, энергетикалык суусундуктарды көп колдонуудан баш тартууну суранат. Мындай суусундуктар организмдеги суулардын санын кыскартып, уйкуңузга таасир бериши мүмкүн.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
nurali1989
2020-03-31 13:48:24
Ушинтип чыгара бербей, прод саткан магазиндерге спиртной сатканга запрет коюш керек да. [moderated]тан коруп жатабыз, мас болуп жаткандарын. Айылда толтура андайлар, кощомол кылышса болот да
0
Kuyoo_bala
2020-03-31 14:11:16
Акырындан анткиле минткиле деп ачкачылыкка кондуруп жатышат.Продуктуларды уномдогуло деген намёк бул.Жакшы кенеш бериптир,кагазга ороп, мага жакты.
0
Chungyz
2020-03-31 14:35:07
эч нерсе жок болсо ачка жата бергиле деп койбоптур жексурлар
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан