Бүгүн, 18-октябрда Ош шаарында эркин күрөш боюнча шаар биринчилиги башталды. Иш-чара 3 күнгө созулуп Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан жана Тажикстан өлкөлөрүнөн спортчулар катышат. Мелдештин ачылышына вице-мэр Дастан Ходжаев катышып: “Бул мелдеш Ош шаары үчүн жакшы көрүнүштөрдүн бири. Мындан ары салт катары бул иш-чара улантылат”,- деди. Айта кетсек, мелдеш спортчу бир туугандар Ахмед жана Мухамед Абитовдордун жаркын элесине арналып уюштурулууда.