Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев "иштей албайт" деп кызматтан алган орун басары Мадамин Каратаевди жаңы кызматка дайындады.
SUPER.KG порталы министрге "Буга чейин сиз "орун басарларым эс алып жатканда, мен иштеп жаттым, андай орун басарлардын кереги жок" деп айттыңыз эле. Анда Каратаевди башка кызматка эмнеге дайындадыңыз?" деп суроо узатты.
Министр: "Мендей болуп эч ким иштей албайт. Мен бир суткада уктабай 24 саат иштейм. Президент экөөбүз 24 саат иштеп жатабыз. Өлкөдө президент экөөбүз эле уктабайбыз. Жакшы иштегендер 16 же 20 саат иштейт. Ал эми премьер-министр 20 саат иштеп, 4 саат уктайт. Каратаев болсо 16-17 саат иштейт. Улуттук фтизиатрия борборуна ошончо саат иштеген жетиштүү", - дейт ал.