УКМК: "Караколдогу митингге айыпталып СИЗОдо отургандар токмоктолду" деген маалымат жалган

"Каракол шаарындагы баш аламандыкты уюштурууга айыпталып кармалып, учурда СИЗОдо отургандар ур-токмокко алынды" деген маалыматтар жалган. Мындай билдирүүнү 18-октябрда УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти. "Саруу айылынын жашоочуларынын мындай арызында факты көрсөтүлгөн эмес. 9-октябрда СИЗОдо отурган айыпталуучулар менен акыйкатчы Бакыт Аманбаев жолугуп, жашоо шарты менен таанышып чыккан. 17-октябрда алар менен депутат Равшан Жээнбеков да жолугуп чыкты. Жолугушууларда баш аламандыкка айыпталгандар УКМКнын кызматкерлери тарабынан кандайдыр бир туура эмес иштер жасалып жатканын айткан эмес. СИЗОдо жаткан 11 адамдын 8и Караколдо митингчилерди таратуу учурунда ар кандай жаракаттарды алышкан",- деп жазылат билдирүүдө.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан