"Кыздар юбка кийип", "президент экөөбүз эле уктабай иштейбиз", "депутаттар менден көрөт"... Саламаттыкты сактоо министринин кайсы сөздөрү коомчулуктун көңүлүн бурдурууда?

Алымкадыр Бейшеналиев былтыркы жылы октябрь айында саламаттыкты сактоо министри болуп дайындалган. Андан соң ал саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри болуп өкмөттүн жаңы түзүлгөн курамына кирген. Анын өмүр таржымалын бул шилтемеден окусаңыз болот. Акыркы учурда Алымкадыр Бейшеналиевдин айткан сөздөрү коомчулуктун көңүлүн бурдуруп, талкууга алынууда. SUPER.KG порталы анын талкуу жараткан сөздөрүн тизмектеди.

"Андай орун басарлардын кереги жок"

29-мартта өлкө аймагында коронавирус илдетине каршы эмдөөнүн биринчи этабы башталып, алгачкылардан болуп Алымкадыр Бейшеналиев өткөн. Анда маалымат жыйында ал кызматтан бошотулган орун басарлары Мадамин Каратаев менен Нурболот Үсөнбаев тууралуу айткан.

"Мен 5-6 ай иштеп, иштин натыйжалуулугун көрдүм. Орун басарларым эс алып жатканда, мен иштеп жаттым, андай орун басарлардын кереги жок. Анткени бизге элдин жашоосун оңдоп кетүүгө мүмкүнчүлүк берилген", - деген министр.
Түз эфирде уу коргошун ичип, көптөрдү таң калтырган
Президент Садыр Жапаров уу коргошун тууралуу сунуш киргизген. Бул тез арада эле социалдык тармактын колдонуучуларынын сынына кабылган. Анда министр маалымат жыйын берип, түз эфир учурунда өзү уу коргошунду ичип көрсөткөн. Ошону менен катар эле бул эмнеден улам сунушталганын дагы айтып берген.
"2020-жылы 2-мартта Садыр Жапаров экс-президент Сооронбай Жээнбековго кат жазган. "Учурда коронавирус оорусу менен ооруп жатышат. Ошол ооруну токтотуш үчүн кыргыз эли кылымдардан бери колдонуп келе жаткан уу коргошунду берсек айыгышат" деген. Оорулар токтойт деген. Бирок ал кездеги президентибиз ал катты окуп да койбоптур. Садыр Нургожоевич мага кайрылып "ушу менен туугандарымдын баарын айыктырдым, сен да айыктырып көрбөйсүңбү?" деген. Мен ал кезде жөн гана дарыгер болуп иштечүмүн. Алгач туугандарыма бердим. Туугандарым айыкты. Садыр Нургожоевичке азыр кайрылдым, сиз мага өзүнүн дозасы менен даярдап бериңиз деп. Себеби атасы кандай жасаларын үйрөтүп кеткен экен", - деди Бейшеналиев.

"Уу коргошунду президент экөөбүз кайнатып жатабыз"

Ошол маалымат жыйында Бейшеналиевге "Уу коргошунду кайнаткан атайын фирма барбы?" деген суроо берилди. Анда министр "президент экөөбүз кайнатып жатабыз" деп жооп берди.

"Ысык-Көл тамыры өскөн жерди курчап алып биз алып жатабыз. Азыркы кезде башка өлкөлөр бул тууралуу билип калса сурай башташат. Уу коргошунду президент экөөбүз кайнатып жатабыз. Андан башка ким кайнатат?", - деген Бейшеналиев.

"Кыздар юбка кийип асфальтка отуруп алгандан төрөбөй калып жатышат"

Министрге уу коргошун ичкен кыздар төрөбөй калышы мүмкүн экендиги боюнча суроо берилген. Анда ал кыздар эмнеден улам төрөбөй калып жатканын айткан.

"Учурда уу коргошунду коронавирус менен ооругандарга берип жатабыз. Кыздарга берген жокпуз. Уу коргошунду турмушка чыга элек кыздар ичсе, төрөбөй калат деген кептер айтылып жүрөт. Ушундай учурлар болгон деп. Кыздар азыр эмнеден төрөбөй калып атат? Ысык-Көл тамырынан эмес, юбка кийип алып, чечинип алып асфальтта отуруп сезгенүү болуп төрөбөй калып жатышат", - деп жооп берген Бейшеналиев.

"Журналисттер ичип алып өлүп калбасын"

Ошол эле маалымат жыйында министр атайын даярдалган уу коргошунду ичкенден кийин чайнек калып калган. Жыйындын соңунда Алымкадыр Бейшеналиев уюштуруучулардын бирине чайнектеги уу коргошунду алып кетүүсүн айтып, журналисттер ичип албасын деген.

"Муну төгүп (кружканы сунуп), тигини алып койгула. Журналисттер муздак ичип алып, өлүп калып анан жүрбөйлү...", - деген ал.

"Депутаттар менден көрөт"

Депутат Жанар Акаев саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге ишеним көрсөтпөө сунушун берип, аны Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинин мүчөлөрү колдошкон.

Бул боюнча SUPER.KG порталы Алымкадыр Бейшеналиевге байланышканда төмөндөгүдөй жооп берди.

"Мени кет дешсе кете берем. Силер да кет десеңер кете берем. Жанар Акаев өзүнүн жардамчыларынын бирин "башкы дарыгер кылып кой" дегенде койбой койгом. Ал өч алайын деп жатат. Мен кайсы депутат өз кишилерин кызматка коюп бер деп суранганын айтам. Анан депутаттар менден көрөт. Бактыбек Райымкулов дагы өзүнүн тааныштарын кызматка коюп бер деп суранган. Калгандарын айтпай турайын, бир нерсе болсо айтам".

"Президент экөөбүз эле уктабай, 24 саат бою иштейбиз"

SUPER.KG порталы министрге "Буга чейин сиз "орун басарларым эс алып жатканда, мен иштеп жаттым, андай орун басарлардын кереги жок" деп айттыңыз эле. Анда Каратаевди башка кызматка эмнеге дайындадыңыз?" деген суроо узатты.

Министр: "Мендей болуп эч ким иштей албайт. Мен бир суткада уктабай 24 саат иштейм. Президент экөөбүз 24 саат иштеп жатабыз. Өлкөдө президент экөөбүз эле уктабайбыз. Жакшы иштегендер 16 же 20 саат иштейт. Ал эми премьер-министр 20 саат иштеп, 4 саат уктайт. Каратаев болсо 16-17 саат иштейт. Улуттук фтизиатрия борборуна ошончо саат иштеген жетиштүү", - дейт ал.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
oopapa
2021-04-23 10:58:53
Алымкадыр Бейшеналиев брат сиз чарчаптырсыз. Озунузду биир нейрохурургка корсотуп даарыланып алат окшойсуз. Же дем салдырыпбы?.
+9
bond02
2021-04-23 11:03:49
Из калтыр бул дуйнодо дейт эле мурда, азыр соз калтыр бул дуйнодо болуп калган го.
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан