Орусиянын Самара шаарындагы Литвинова атындагы маданият үйүндө 7-8-ноябрда Кыргызстан маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу 18-октябрда "Замандаш" ассоциациясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Иш-чаранын алкагында Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган көркөм тасма көрсөтүлүп, концерттик программа, сүрөт жана элдик кол өнөрчүлөрдүн жасаган буюмдарынын көргөзмөсү болот. Майрамдык салтанатка Самара облусунун губернатору жана Кыргызстандагы министрликтердин өкүлдөрү чакырылган. "Манас-Ата" кайрымдуулук фонду, "Замандаш" ассоциациясы жана Самара облусунун администрациясы тарабынан уюштурулуп жаткан иш-чарага Кыргызстандын Орусиядагы элчиси катышып, мекендештери менен жолугушуу өткөрөт.