Бишкекте Эрик Гурландын сүрөт көргөзмөсү өтүүдө

Бишкектеги Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде 18-октябрь күнү француз фото-сүрөтчүсү Эрик Гурландын "Ички жагынан кароо: Кыргызстандагы абактагылардын жашоосу" аттуу көргөзмөсү ачылды. Сүрөтчү Кыргызстандын балдар, аялдар жана эки эркектер отурган колонияларын кыдырган. Гурлан сүрөттөрдө алардын жана ал жакта иштеп жаткандардын жашоосун жана эмоцияларын ачып бергенге аракет кылган. Көргөзмө октябрь айынын аягына чейин уланат. Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын башчысы Зарылбек Рысалиев: "Абакта бардык эле жерлерде жашоо шарт сүрөт көргөзмөсүндөгүдөй эмес, оңдоолор болуп жатат. Бул жерде тарбиялык маңызда колдонсо болот. Бирок түрмөнүн бүт акыбалын чагылдыра алган жок деп эсептейм"-дейт. Көргөзмө 1-ноябрга чейин уланат.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан