Кыргыз өлкөсү КМШ өлкөлөрүнүн ичинен биринчилерден болуп дүйнөлүк ири авиакуруу компаниясы болгон Airbus компаниясынын А220 тобундагы жаңы үлгүдөгү учагын эксплуатацияга алат. Бул иш-чаранын демилгечиси жана оператору "Эйр Манас" компаниясы. Бул тууралуу "Манас" аэропортунун басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Алгачкы учак өлкөбүзгө апрель айынын аягында келип конмокчу. Airbus А220 тобундагы жаңы үлгүдөгү учагын тосуп алуу салтанаттуу түрдө белгиленет. Мындай жогорку үлгүдөгү авиалайнерди эксплуатацияга алуу Кыргыз өлкөсү үчүн өтө маанилүү иш-чара. Анткени акыркы жылдары жарандык авиация аксап, бирок тоскоолдуктарды жеңүүгө аракет кылып келет. Элдин да сапаттуу авиациялык тейлөөгө муктаждыгы күн санап өсүүдө", - деп билдиришти аэропорттон.
Кийинки А220-300 үлгүдөгү учак да авиакомпаниянын паркын 2021-жылы толуктамакчы. Бул А220-300 учагы, эгемендүү Кыргыз өлкөсүнүн тарыхында өлкөбүздүн алгачкы ээлик кылган жаңы учагынан болмокчу. Буга чейин бизге жалаң колдонулган авиалайнерлер келип турган.
A220-300 учактарынын ички түзүлүшүнө токтолсок: салону бир класстуу компоновкада жасалып, ичи кенен жана өтө ыңгайлуу, жалпысынан 145 жүргүнчү орун үчүн ылайыкташкан.
А220-300 учактарынын жогорку диапазондо учуу мүмкүнчүлүгү, алардын үзгүлтүксүз чоң аралыкка жетүүсүн камсыздайт. Андыктан "Эйр Манас" авиакомпаниясы бул авиалайнерлерди ички жана эл аралык багытта, КМШ жана Чыгыш Азия өлкөлөрүнө учууга колдонууну көздөйт.
Бүгүнкү күндө Airbus компаниясы А220 тобундагы 140 учакты "Эйр Манас" менен бирге тогуз операторго эксплуатацияга берди, бул Кыргыз өлкөсү үчүн чоң жетишкендик. Airbus авиалайнерлери ошону менен бирге Азия, АКШ, Европа жана Африка өлкөлөрүнө учууда.