Короосун жомокко айланткан Бишкек шаарынын тургуну (видео)

Көптөгөн кооз ар түстөгү жоогазын гүлдөрү, өзгөчө кол эмгек жыгач менен жасалган отургучтар, чымчык, тыйын чычкандар үчүн атайын тамактанганга жашаганга уя, газон, таштардан жасалган жол. Мунун баары сейил бак же эс алуу борбор эмес кадимки көп кабаттуу үйлөрдүн астындагы короо. Кызыгы мунун баарын мыкты дизайнер, көп тажрыйбалуу архитектор, гүл өстүргөн дагы гүл саткан жаран эмес, жадакалса муниципалдык кызматкер дагы эмес. Бул кооздукту жараткан ушул үйлөрдүн биринде жашаган Сагид Сулейманов.

Ал 10 жыл мурун чет өлкөдөн апасы үчүн Кыргыз мекенине көчүп келгенин айтат. Буга чейин короосу чоң, жер тамда жашаганына байланыштуу башында үйгө батпай сыртка чыгып иш издегенин айтат. Жаратылышты сүйгөн адам бак-дарактардын соолуп баштаганын байкап аларды сугаруудан бул иш башталганын айтат.

Өтүп бара жаткан кишинин көзүн сүйүнткөн кооз жай, мурун таштандылар жаткан, чөбү жулунбаган, каалаганы каалаганча тепсеп баскан жер болгон. Азыр мына минтип жашоочулар чогулуп шишкебек бышырып жеген, самоордон чай ичип отурган, майрамдарды өткөргөн жана жөн гана эс алуучу жайга айланган. "Бул жайга көбүн эсе улуу ата-апаларыбыз киришин каалайм. Анткени жаштардын унаасы бар каалаган жерге барып эс алышат, ал эми ата-энелерибиз бул жагынан аксап калышат эмеспи. Эч болбосо өз короосуна чыгып таза абада дем алышсын", - дейт Сагид мырза

Ушул эле жайдын башка мезгилдеги көрүнүшүн көрсөттү.

"Бул нерсе ар бир адамдын колунан келе турган нерсе. "Жакшы экен, эмнеге биздики мындай эмес" деп отурбай "эмне мен ушул нерсени кылган жокмун" деп суроо бериш керек", - дейт ал.

Бул короону Бишкек шаарынын тургундары жанынан өтүп бара жатып көрүп калса керек. Бирок сиз ушул эле көп кабаттуу үйдүн астындагы жер төлөнү көрө элексиз. Ичине бут кийимди чечип кирсе жарашат, аны Сагид мырза үйүнүн ичин жуугандай эле тазалап турат.

Толугу менен видеодон көрүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aza2100
2021-04-26 10:02:30
Аллахым ыраазы болсун,
+10
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан