"Ухан вирусу": Дүйнө жүзүндө коронавирустан сутка ичинде 19 миңге чукул адам каза болду

Дүйнөдө коронавирус инфекциясын 145 миллион 271 миң 208 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 83 миллион 538 миң 705 бейтап айыгып чыкса, 3 миллион 83 миң 235 (+18921) адам илдеттен каза болду. Статистикалык маалымат бүгүн, 24-апрелге карата алынды.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 31 миллион 990 миң 684 болду. 571 миң 180 адам каза болсо, канча адам айыгып чыкканы боюнча маалымат жок.

Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 16 миллион 263 миң 695 адамдан аныкталды. 186 миң 920 адам каза болсо, 13 миллион 648 миң 159 бейтап айыкты.

Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 14 миллион 237 миң 78 адам вируска кабылган. 386 миң 416 бейтап көз жумса, 12 миллион 586 миң 272 бейтап оорудан сакайды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан